Коом

Баткенде мурда соттолгон жаран уурулукка шектелип кармалды

  Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Боз-Адыр айлынын 47 жаштагы тургуну өзү жашаган турак үйүнүн ашканасынан 16 кап өрүгүн белгисиз атуулдар уурдап кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган. 
 Бул факт Баткен РИИБнин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Баткен РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү Баткен шаарынын 24жаштагы тургуну Н.А. аттуу жаран аныкталып кармалды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жарандын буга чейинки кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал эми уурдалган өрүк өз ээсине кайтарылып берилди. 
  Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button