Милиция жайлоодо адашып калган эки өспүрүмдү таап, туугандарына тапшырды

2024-жылдын 20-апрель күнү түнкү саат 22.50 чамасында Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө Ылай-Талаа айыл аймагынын эки жаш өспүрүм балдары Кызыл-Таш жайлоосуна бара жатып, катуу жааган жаандан улам адашып кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, милиция кызматкерлери заматта аталган жайлоого жөнөп кетишкен.

Кызматкерлер жайлоого түнкү саат 00:00 чамасында жетип барышып, эки жаш өспүрүмдү издеп табышкан.
Жаш өспүрүмдөр ата-энеси менен жайлоого кой айдап көчүп бара жатышып, ата-энеси узап кеткендигин, ал эми өспүрүмдөр жүк артылган эшектерди минип баратышып, артта калып, күн кеч болуп, жаан катуу жаап киргендиктен жолдон адашып кетишкендигин билдирген.
Алар, Ылай-Талаа айыл аймагынын 2015-жылы туулган А.А. жана 2017-жылы туулган Р.Б. аттуу өспүрүмдөр экендиги аныкталган.
Адашып калган өспүрүмдөр сел аккан сайга туш болуу коркунучу жогору болгон.
Аларга тамак-аш берилип, кийимдери кургатылып, сак-саламатта туугандарына өткөрүлүп берилди.



