1-класска электрондук каттоо. Бишкекте алдыңкы мектептер 1-этапта эле толуп калды

Билим берүү министрлиги толгон мектептердин тизмесин жарыялады.
▪️№26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси
▪️№70 мектеп-гимназиясы
▪️№29 мектеп-гимназиясы
▪️Г. Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси
▪️№13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы
▪️Пушкин атындагы №17 мектеп-гимназиясы
▪️№62 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси
▪️№ 37 мектеп-гимназиясы
▪️Ч. Айтматов атындагы №63 мектеп-гимназиясы
▪️Н. Гянджеви атындагы №103 жалпы орто билим берүү мектеби
▪️А. Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясы
▪️Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекси
▪️№33 мектеп-гимназиясы
▪️Р.Шүкүрбеков атындагы №38 мектеп-гимназиясы
▪️№100 жалпы орто билим берүү мектеби.
Баса, 1-этап расмий катталган жери боюнча жүргөн. 3-июнда 2-этап башталды. Анда жашаган жерине карабай бош орундары бар мектепке катталса болот. Ал үчүн mektep.edu.gov.kg сайтына киресиз.
@abal-kg



