Коом
Бишкекте диспетчер, айдоочулар жумушка алынат. Талаптары

«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» диспетчерлер менен айдоочуларды жумушка чакырат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жумушка 18ден 35 жашка чейинки адамдар алынат. Диспетчерлердин айлыгы 24 миң сом, ал эми D категориясы бар айдоочулардын маянасы 40 миң сомдон башталары айтылды. Ошондой эле В жана С категориялары бар айдоочуларга D категориясына өтүүгө акысыз окуу менен стажировка каралган.
Бардык суроолор боюнча 0312 531789 номерине кайрылууга болот.



