Коом

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору «Евро Хантер Компани»ЖЧКсынын иши токтоду

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору «Евро Хантер Компани» ЖЧКсынын Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча ишмердигин жүргүзүүгө лицензияларынын аракетин токтотту. Мындай чечим компаниянын кызмат көрсөтүүсүн көпкө күтүү боюнча жарандардан түшкөн даттанууларга байланыштуу кабыл алынды.
«Евро Хантер Компани «ЖЧКсы» КР жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө» жобонун нормаларын бузган.
Түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыгы үчүн Борбор «Евро Хантер Компани» ЖЧКсына төмөнкү талаптарды койду:

  • учурдагы маселелер чечилмейинче жана катталган кардарлардын алдындагы милдеттенмелер аткарылмайынча жаңы талапкерлерди тартууну токтотуу;
  • кызмат көрсөтүүнү көптөн бери күтүп жаткан бардык жарандарга акча каражаттарын кайтарып берүү.
    Борбор кырдаалга көз салып, КР жарандарынын укуктарын коргоо үчүн чараларды көрүүнү улантууда. Ушундай көйгөйлөргө туш болгондорду керектүү маалымат жана жардам алуу үчүн борборго кайрылууга чакырат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button