Курсан Асанов: Силерди жана командириңерди кыйын кырдаалда ИИМ жетекчилиги таштап кеткен

Ички иштер министринин милдетин аткаруучу милициянын генерал-майору Курсан Асанов, “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери менен жолугуп, күжүрмөн кызматтык абал менен таанышып өлкөдөгү абал жөнүндө сөз сүйлөп милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу ИИМдин Шумкар АБПнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

“Урматтуу кесиптештер, биздин кесип коомдогу эң кооптуу жана татаал кесиптердин бири болуп саналат. Андыктан, өлкөнүн бейпилдигин, мыйзамдуулугун жарандардын коопсуздугун сактоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жана жарандарга тынч, бейпил жашоону камсыздоодо алдыбызга коюлган тамшырмаларды так, туура жана жогорку деңгээлде аткарып кызмат өтөп келебиз.
Үстүбүздөгү жылдын 5-октябрында болуп өткөн окуя дагы бир жолу силердин эр-жүрөк тайманбастыгыңардын далилдеди, ошол эле учурда туура эмес берилген буйруктун айынан жөнөкөй карапайым жарандар жана бүтүндөй милиция кызматкерлери жапа чектиңер. Силерди жана командириңерди кыйын кырдаалда ИИМ жетекчилиги таштап кеткен. Силердин командириңер Аскат Султаналиев да катуу жаракат алып, бир өлүмдөн калды.

Урматтуу кесиптештер ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөргө чың ден-соолук жана бакубат жашоону каалаймын. Мен ойлоймун жаркын келечек алдыда деп толук ишенем. Келечекте элдин ишеничин артырып кыргыз милициясы жок дегенде орто азияда алдынкы орундарга чыгарабыз! Эртең менен үйдөн кандай кеткен болсоңор кечинде ошондой кайтып келишинерди тилеймин деп сөзүн аяктады.



