КР Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор өз ишин токтотот

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор 2012-жылдан бери иштеп келе жатат жана акыркы 13 жылда кыйноолор боюнча 2000ден ашуун арыз түшкөн.
КР Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор өз ишин токтотот. Бул тууралуу аталган уюм билдирди.
«2025-жылдын 3-октябрында «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчүнө киргендигине байланыштуу 2012-жылдын 12-июлундагы № 104 «Кыргыз Республикасынын Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз мамилелерди жана жазалоону алдын алуу боюнча Улуттук борбору жөнүндө» мыйзамы күчүнө кирбейт. 2012-жылдан бери Кыргыз Республикасынын улуттук алдын алуу механизми катары иштеп келген Улуттук борбор өз ишин токтотуп, анын функциялары Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына өткөрүлүп берилет», — деп айтылат Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматында.
29-сентябрда Улуттук борбордун жогорку башкаруу органы – координациялык кеңеш өзүнүн жыйынтыктоочу жыйынында борбордун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. 13 жыл ичинде ал эркинен ажыратуу жайларына жана эркиндигин чектөө жайларына 17 000ден ашык кыдырып, кыйноо, катаал мамиле жана начар шарттар боюнча 2 000ден ашуун арыздарды кабыл алган. Ошондой эле 12 жылдык отчет, 26 аналитикалык документ жана 18 видеоматериал даярдалган. Анда 700гө жакын сунуштар берилип, анын 60%ы аткарылган.
“Улуттук борбордун ишмердүүлүгү бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, эркиндигинен ажыратуу жана эркиндигин чектөө жайларындагы шарттарды жакшыртууга, өлкөдө кыйноо жана ырайымсыз мамиле жасоо фактыларынын санын кыскартууга өбөлгө түздү. Ошентип, 2022-жылга карата Кыйноо практикасынын индексине ылайык, акыркы беш жылда кыйноолордун деңгээли 1,5 эсеге азайган. Бирок, көйгөй актуалдуу бойдон калууда жана аны жок кылуу үчүн олуттуу аракеттерди талап кылат.
Координациялык кеңеш мамлекеттик органдарга алардын конструктивдүү катышуусу жана реформаларга берилгендиги үчүн, жарандык коомго жигердүү позициясы жана биргелешкен иши үчүн жана эл аралык өнөктөштөргө көптөн берки колдоосу жана эксперттик жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирет. Бул биргелешкен аракеттердин аркасында адам укуктарын коргоо жана кыйноолорду болтурбоо механизминин пайдубалын түзгөн эркинен ажыратуу жана эркиндигин чектөө жайларындагы мониторинг системасы түзүлүп, ырааттуу түрдө өнүгүп жатат», — деп айтылат маалыматта.



