Өзбекстанда футбол боюнча дүйнө чемпионатына байланыштуу жумуш күнү кеч башталды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев улуттук курама команданын футбол боюнча дүйнө чемпионатындагы тарыхый беттешине байланыштуу бүгүн, 18-июнда, жумуш күнүнүн башталышын жылдырууну тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.
Чечимге ылайык, мамлекеттик мекемелер жана уюмдар ишин саат 10:00дө башташат. Мындай чара өлкө жарандары Өзбекстандын курама командасынын дүйнө чемпионатындагы дебюттук оюнун көрө алышы үчүн кабыл алынган.
Өзбекстан менен Колумбия улуттук курамаларынын беттеши Ташкент убактысы боюнча саат 07:00дө, ал эми Бишкек убактысы боюнча саат 08:00дө башталат.
Шерзод Асадовдун айтымында, президент Шавкат Мирзиёев дагы бул оюнду үйүндө үй-бүлөсү жана неберелери менен бирге көрүүнү пландап жатат.
Өзбекстандын курама командасы өз тарыхында биринчи жолу футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык этабына жолдомо алды.



