Коом

ВИДЕО: Ысык-Көлдүн милициясы эс алуучунун жоголгон телефонун таап беришти

Ысык-Көлдүн жээгинде эс алып жүргөн Ош шаарынын 53 жаштагы тургуну Жийдегүл Абдылдаева уюлдук телефонун жоготуп алганын билгенде, сарсанаа болуп, убайым абалга туш болгон. Тынчсызданган аял милициянын аймактык пунктунда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн нөөмөттө турган милиция кызматкерлерине дароо жардам сурап кайрылган.

Орун алган окуя тууралуу маалымат, уюлдук телефон жоголгон пляждык зонада бекитилген дислокация боюнча кызмат өтөгөн бардык милиция кызматкерлерине ыкчам байланыш аркылуу дароо билдирилди.   Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын кызматкерлери алынган маалыматка ыкчам жооп кайтарып, издөө иштерин башташкан. Жогорку уюшкандыкта жана кесипкөй иштин аркасында жоголгон телефон көп өтпөй табылып, ээсине кайтарылып берилди.

Ысык-Көл облусунун милициясы бардык эс алуучуларга эс алуу учурунда жеке буюмдарына өзгөчө көңүл бурууну эскертишет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button