Окуялар

Милиция кызматкери Бейшенбек Теңизбеков эки адамдын өмүрүн сактап калды

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Балыкчы шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкери Бейшенбек Теңизбеков төрт күндүн ичинде өзүнүн кесипкөйлүгү жана ыкчамдыгы менен эки адамдын өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу аталган ведомстводон маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Бейшенбек Теңизбеков Балыкчы шаарында кызмат өтөп жүргөн учурда көл жээгинде сууда кыймылсыз жаткан баланы байкап калган.

Ал дароо сууга секирип кирип, баланы жээкке чыгарып, биринчи медициналык жардам көрсөткөн. Натыйжада баланын дем алуусу калыбына келип, ал тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген. Жабырлануучу Балыкчы шаарынын 2017-жылы туулган (9 жаштагы) тургуну экени аныкталды.

Арадан төрт күн өткөндөн кийин Бейшенбек Теңизбеков кызматтан тышкаркы убакта көл жээгинде жүргөндө, жарандардын жардам сурап кыйкырганын уккан.

Окуя болгон жерге жетип барып, суудан чыгарылган, бирок дем албай жаткан өспүрүмдү көргөн. Милиция кызматкери убакытты жоготпостон, кайрадан реанимациялык иш-чараларды ийгиликтүү жүргүзүп, өспүрүмдү аман алып калган. Бул өспүрүм Бишкек шаарынын 2008-жылы туулган (18 жаштагы) тургуну болуп чыкты.

«Бейшенбек Теңизбековдун бул эрдиги – ички иштер органдарынын кызматкерлеринин өз антына берилгендигинин, кайраттуулугунун жана жогорку жоопкерчилигинин айкын үлгүсү», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Back to top button