Чүйдө укук коргоо кызматкерин опузалап, 1 млн сом талап кылган жаран кармалды

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы опузалап 1 млн сом талап кылган жаранды кармады, деп билдирет облустук милициядан.
Маалыматка ылайык, башкармалыкка А.Э. аттуу жаран Т.А. менен сүйлөшүп алып, укук коргоо органдарынын кызматкеринен 1 млн сом талап кылып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факт Чүй ОИИББге каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин «Опузалоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
8-февралда Чүй облусунун ИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана ИИМдин Тышкы чалгындоо кызматынын Чүй облусу боюнча ички иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө жана атайын иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда КР жараны 1986-жылы туулган кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары уланууда.



