Коом
Руслан Айтбаев Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акими болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесинин негизинде Айтбаев Руслан Маратович Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.



