ИИМ: Октябрь Урмамбетов менен кесиптеши Бекмурод Абдуллаев өз ара аракеттенүүнү талкуулашты

Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов Өзбекстан Республикасынын ички иштер министринин орун басары генерал-майор Бекмурод Абдуллаев менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө кылмыштуулук, экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү жаатында кызматташууну бекемдөө, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган актуалдуу маселелер талкууланды.
Тараптар кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар экендигин тастыкташты.
Министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов дүйнө жүзүндө заманбап илимий-техникалык жетишкендиктер жүрүп жатканын жана аны менен бирге инновациялык технологияларды жана интернет мейкиндигин колдонуу менен жасалган кылмыштардын жаңы түрлөрү пайда болуп, трансулуттук кылмыштуулуктун масштабы өсүп жатканын, бул жарандардын коопсуздугуна жана алардын мүлкүнө коркунуч туудурбай турганын белгиледи.

Өз кезегинде Бекмурод Абдуллаев пайда болгон коркунучтарга каршы күрөшүүдө конструктивдүү биргелешип иштөөгө жана кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык кылмыштуулук менен күрөшүүгө багытталган заманбап инновациялык технологияларды колдонуунун жана тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгү жөнүндө маселелер талкууланды.



