Коом

Президенттик администрация жаңы Акүйгө көчөт. Ал жерде кимдер бара турганы айтылды

Президенттик администрация быйыл жаңы курулган имаратка көчөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал аны «жылдын өзгөчө окуясы» деп баалап, жаңы Акүйдүн курулушуна эч ким ишенбегенин айтты.

«Эгемендүүлүк алгандан бери бир дагы мындай ири административдик имарат курулган эмес. Бул биринчи кезекте өлкөнүн аброюу жана жүзү. Андыктан колдон келбеген иш жок экенин белгилей кетким келет», — деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы жаңы имаратта кимдер иштей аларын дагы айтты.

«Ал жерде күчтүүлөр, мыктылар жана мамлекеттик кызматкерлердин эталону иштеши керек», — деп белгиледи.

Жаңы «Акүйдүн» курулушу 2022-жылы башталган, анын аянтты 26 гектар. Ага канча каражат жумшалары ачыкталган эмес. Садыр Жапаров имаратты куруу үчүн чет өлкөдөн жумушчулар алынып келинген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button