Коом

Ысык-Көлдө экологиялык милиция жерди бузуу жана бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу фактысын аныктады — ФОТО

Жакында социалдык тармактарда Ак-Суу районунда жаӊы каналын салуу учурунда бир нече бак-дарактар кыйылганы тууралуу сүрөттөр менен маалымат тараган.  

Аталган маалымат боюнча Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициянын инспекторлору тарабынан текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүү учурунда Ак-Суу районундагы «Лесное» участкасына жаӊы каналы салынганы аныкталган. Ошондой эле, жаңы каналды өткөрүү учурунда бөрү карагаттын бадалдары жана бак-дарактардын кыйылганы аныкталды. Жеринде 18 даана кыйылган теректин дүмүрү жана 12 даана бөрү карагаттын бадалдары табылып, катталган.   

Аталган факт Ак-Суу райондук ИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Материалдык зыянды аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Ысык-Көл-Нарын башкармалыгына суроо-талап жөнөтүлгөн.

Аларды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча материалдык зыян 81235 сомду түздү.

Азыркы учурда Ак-Суу районундагы «Лесное» участогунда жаӊы канал ким тарабынан жасалгандыгы аныкталып жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button