Коом

Парламентте: Эски дөңгөлөктөргө салык салуу… керекпи?

Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстанга эски дөңгөлөктөрдү ташып келүүдө кандай салык төлөнөөрүн депутат Шарапаткан Мажитова сурады.

Транспорт министри Абсатар Сыргабаевдин айтымында, бул маселе менен Жаратылыш ресурстары министрлиги алектенет. Ошондуктан ал мындай маалыматты билбейт.

Депутат Мажитова эски дөңгөлөктөрдү ташып келүүгө салык киргизүү зарыл экенин айтты.

«Айрым өлкөлөрдө эски дөңгөлөктөрдү кабыл алып андан коврик жасаган заводдор бар. Биз да ушундай кылсак жакшы болмок», — деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button