Кызыктар

Эски таарынычтар калкып чыгат: 2-октябрга гороскоп

Кой. Маанилүү чечимдерди кабыл алууга шашпаңыз. Сиз татыксыз адамдарга ишенип жатасыз. Жаңы идеялар пайда болот, аларга таянып алып, өзүңүзгө айтылган сындарды кабыл албайсыз. Жумуш жана бизнеске байланышкан конфликт орун алышы мүмкүн. Күндүн экинчи жарымы бир топ тынчыраак болот, жаныңыздагылар менен тил табышууга аракет кылыңыз.

Букачар. Күн жакшы башталат. Майда маселелер жаралышы мүмкүн, бирок алар тез чечилет. Олуттуу аракет талап кылынбайт. Ийгиликтүү дал келүү да болушу мүмкүн. Акыркы убакта тынчыңызды алып жүргөн суроолорго жооп табышыңыз да мүмкүн. Күндүн экинчи жарымы бир топ татаалыраак болот. Пикир келишпөөчүлүк, жөнөкөй нерсеге талаш-тартыш болуп убактыңызды алат.

Эгиздер. Жемиштүү күн эмес, бирок тынч жана жагымдуу. Адамдар менен баарлашып убакытты көңүлдүү өткөрөсүз. Эски байланыштарды жаңылоого ылайыктуу күн. Акчага байланышкан маселе жаралышы мүмкүн. Бирок олуттуу деле эмес убакыттын өтүшү менен жайына келет.

Бөйөн. Күндүн башында сабырдуу болуңуз. Майда нерселерге эле нервдене бере турган адатыңыз бар. Бүгүн болбогон нерселерге эле таарына беришиңиз мүмкүн. Конфликт, уруштан качыңыз. Күндүн экинчи жарымы жагымдуу болот. Күтүлбөгөн сапар же жакшы кабар алышыңыз мүмкүн. Эски таанышыңыз кызыктуу сунуш жасайт.

Арстан. Бүгүн маанилүү окуялар болбойт, бирок жалпысынан күн тынч өтөт. Майда маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк табылат. Жагымдуу таанышуулар болуп кызыктуу адамдар менен убакыт өткөрөсүз. Баары менен эле тил табыша бербейсиз, бирок урушуп да кетпейсиз.

Бийкеч. Күн баарлашууга ылайыктуу. Формалдуу эмес жагдайдагы жолугушуу абдан жакшы болот. Конок тосуп, үй-бүлөлүк майрам уюштурсаңыз болот. Кандайдыр бир кызыктуу, сизди катачылык кетирүүдөн сактоочу кабар угасыз.

Тараза. Түшкө чейин тынч боло албайсыз. Бул убакта күтүлбөгөн кабар же ойлонулбаган окуя болуп кетиши мүмкүн. Айрымдарга тил табышуу кыйын болгон адамдар менен иштешүүгө туура келет.

 Чаян. Күндүн башталышы жаман эмес. Биринчи жарымы сизди жагымдуу сюрприздери менен кубантат. Айрымдар жагдайдан пайдаланып маанилүү маселелерин чечип алышат. Күндүн экинчи жарымы бир топ татаал болот. Ашыкча чарчоого кабылуу коркунучу бар, ошондуктан убак убагы менен эс алып туруңуз.

 Жаачы. Өзүңүздү кармай билиңиз. Бул бүгүн абдан маанилүү, анткени көп талаш-тартышка туш келесиз. Эски таарынычтар, маселелер калкып чыгышы мүмкүн. Маанайыңызды көпкө чөгөрөт. Каржы маселеде абайлаңыз. Акчага бүгүн жеңил мамиле жасап коюшуңуз мүмкүн. Чоң сатып алууларда жакындар менен кеңешиңиз.

 Текечер. Күн жөнөкөй болбойт. Кадам сайын көйгөйлөр жаралышы мүмкүн, ойлогонуңуздун баары ишке аша бербейт. Ишенимдүү достор жана эски тааныштар жардамга келет. Алардын жардамы менен гана татаал абалдан чыгып кете аласыз. А акчага байланышкан иште абайлаңыз. Шашылыш чечим кабыл алуу акчаны жоготууга алып келет.

Суу пери. Шашпаңыз. Күндүн башталышы татаал болот, айрыкча күчтүү пландарды түзүп, кайсы бир маанилүү иш ийгиликтүү чечилет деп күткөндөрдө. Тоскоолдуктар жарылышы мүмкүн, алар сиз ойлогондон да олуттуу болуп чыгат. Каалаганыңызга жете аласыз, бирок көп аракет талап кылынат.

Балык. Бүгүн кандайдыр бир эски маселелерди, бир гана өзүңүздүкүн эмес башкалардыкын да чечесиз. Жакындарыңызга жардамыңыз керек болот, ал үчүн өзүңүздүн пландарыңызды өзгөртөсүз. Көп адамдар менен тил табышып, ал турмак тарапташтарды табасыз. Каржы маселеси жаман болбойт. Пландалбаган сапарлар да болушу мүмкүн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button