ИИМ: Баткенде Ички аскерлердин жана милициянын жаңы курулган имараттары пайдаланууга берилди

Жакында, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата ички иштер органдарына тиешелүү дагы 100 объектини ачуу мерчемделип жатканын маалымдаган. Ага утурлай, 2024-жылдын 5-октябрь күнү Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда ИИМдин Ички аскерлерине жана Баткен ОИИБге тиешелүү жаңы курулган 6 имарат пайдаланууга берилди. Алар айылдык милиция бөлүмчөлөрү-2, милициянын аймактык пункттары-3 жана Ички аскерлердин бөлүгүнүн имараты.
Бул иш-чарага Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, анын орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, ИИМдин Ички аскерлердин кол башчысы полковник Дамир Алыбаев, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен ОИИБдин башчысы Улан Жукенов, милиция кызматкерлери, коноктор жана жергиликтүү тургундар катышты.
Алгач, бардык иш-чаралар Мамлекеттик Гимндин коштоосунда башталып, жаңы курулган имараттардын алдына илинген Мамлекеттик Туу жогору көтөрүлдү.
Өз кезегинде, Ички иштер министри Улан Ниязбеков бул имараттар президенттин тапшырмасы менен кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине карата ачылып жатканын өз сөзүндө билдирди.
«Быйылкы жылдын башынан бери Ички иштер министрлигине караштуу жүздөгөн имараттарды ачып, ишке берип жатабыз.
Ушул иш-чаралардын алкагында, бүгүн сиздер менен жолугуп, өзүңүздөр көрүп турган имаратты ачып жатабыз.
Баткен жергесине болгон иш-сапарыбызда ушуга окшогон дагы беш имаратты ачып, элдин коопсуздугун камсыздоого тапшырабыз.
Алардын арасында, ошол имаратта иштеп, жашаганга да бардык шарттары түзүлгөн заманбап имараттар бар экендигин да айта кетейин.
Буга чейин бардык ички иштер бөлүмдөрүнө материалдык-техникалык каражаттарды, анын ичинде жарандардын чакырууларына ыкчам чыгуу үчүн жаңы үлгүдөгү бир катар автоунааларды бергенбиз”,-деди ИИМ башчысы.
Андан соң, министр жана иш-чаранын катышуучулары жаңы ачылган имараттарга киришип, өздүк курамга түзүлгөн заманбап шарттар менен жакындан таанышып чыгышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө У.Ниязбеков жергиликтүү тургундар менен жолугушту.



