Чыгашаларды алдын ала эсептеңиз: 7-октябрга гороскоп

Кой. “Койлор” бул күнү энергияга жана чечкиндүүлүккө бай болушат. Бул күнү жаңы долбоорлорду баштасаңыз же жаңы демилге көтөрсөңүз ийгиликтүү болот. Идеяларыңызды жаныңыздагылар колдойт, ошондуктан тартынбаңыз. Жеке жашоодо талаш-тартыш орун алышы мүмкүн, бирок чыдамкайлык көрсөтсөңүз тез эле түшүнүүчүлүк жаралат.
Букачар. “Букачарлар” бир катар каржылык кыйынчылыкка учурашы мүмкүн. Ошондуктан чыгашаларыңызды алдын ала эсептеп, ойлонулбаган сатып алуулардан баш тарта туруңуз. Жеке жашоодо сүйүктүү адамыңыздан жагымдуу сюрприз аласыз. Ден соолугуңузга көңүл буруңуз – режимиңизге азыраак өзгөртүү киргизүүгө убакыт келди.
Эгиздер. “Эгиздер” идеяга жана креативдүүлүккө бай. Бул баарлашууга, эски маселелерди талкуулоого жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөөгө ыңгайлуу күн. Максаттарыңызга көңүл буруп, мүмкүнчүлүгүңүздү кое бербеңиз. Кызыктуу таанышуулар болушу мүмкүн.
Бөйөн. “Бөйөндөр” үчүн татаал бирок жемиштүү күн. Маанилүү чечимдер сизден талап кылынат. Шашылыш чечим кабыл албаңыз. Жеке жашоодо майда таарынычтар болушу мүмкүн, ошондуктан жакын адамдарыңыз менен ачык сүйлөшүңүз.
Арстан. “Арстандар” бүгүн айланадагылардын көңүл буруусуна ээ болот. Кесиптештериңиз менен болгон мамилеге абай салыңыз – харизмаңыз алардын ишенимине ээ болууга жардам берет. Жеке жашоодо позитивдүү өзгөрүү болот – сүйүктүү адам менен баарлашып, кубанасыз жана мамилеңиздерди бекемдей аласыз.
Бийкеч. Жумушка жана карьерага басым жасоого туура келет. Уюштуруучулук жөндөмүңүздү көрсөтсөңүз эле ийгилик күттүрбөйт. Кызматташтык боюнча жаңы сунуш түшүшү мүмкүн. Жеке жашоодо дипломаттуулукту көрсөтүңүз – бул конфликттен качууга жардам берет.
Тараза. Эргүүнүн жаңы агымына туш болосуз. Жаңы бир нерсени үйрөнүүгө, чыгармачылык менен алектенүүгө, кызыктуу адамдар менен баарлашууга ылайыктуу күн. Идеяларыңыз колдоого алынат. Ошондой эле ден соолугуңузду караңыз – спорт менен алектенип баштасаңыз жакшы болмок.
Чаян. “Чаяндар” каржы маселелесинде абайлашы керек. Бул күн чоң инвестицияларга ылайыктуу эмес. Жеке жашоодо кабатыр кылган учурлар болот – эмоцияңызды контролдоңуз. Кечинде эс алууга убакыт табыңыз.
Жаачы. “Жаачылар” өзүнө жана өз күчүнө ишенет. Келишим түзүүгө ылайыктуу күн. Жумуш боюнча сунуштар болушу мүмкүн, аларды карап көрүңүз. Жеке жашоодо жакындарга көңүл буруңуз – алар сиздин колдооңузга жана жардамыңызга муктаж.
Текечер. “Текечерлер” жумушта көйгөйгө кабылышы мүмкүн. Кесиптештерге жардам сурап кайрылуудан тартынбаңыз – бул кырдаалды жакшыртат. Ички абалыңызга көңүл буруңуз жана жеке жашоо менен жумушту тең салмакта алып кетиңиз.
Суу пери. “Суу перилер” оригиналдуу идеяларга жана күчтүү пландарга ээ болушат. Чыгармачылык, өзүн өзү таануу боюнча алектенүүгө ылайыктуу күн. Идеяларыңыз кызыктуу долбоорлорго же кызматташууга алып келиши мүмкүн. Жеке жашоодо жагымдуу кабар аласыз.
Балык. “Балыктар” эмоционалдык түйшүккө кабылат. Өзүңүз үчүн убакыт таап, каалооңуздагы нерсе менен алектениңиз. Жумушта пикир келишпөөчүлүк болот, бирок сабыр кылсаңыз, андан чыгууга жол табасыз. Жеке жашоодо жакындар менен урушуудан алыс болуп, бир калыптагы мамилени карманыңыз.



