Кызыктар

Жаңы пландар жаралат: 10-октябрга гороскоп

Кой. Эртең менен иш боюнча сүйлөшүүлөр башында шектенүү жаратса дагы, ийгиликтүү уланып, бардык тарапты канааттандыра турган чечим кабыл алынат. Кандайдыр бир жаңы пландар жаралышы мүмкүн. Жеке ишиңизге да көңүл буруңуз. Кечке чейин эч бир кеңештерди укпаңыз, алар сизге зыянын гана тийгизет. Үйдү жана жумуш орунуңузду жыйнаштырыңыз. Бул маанайыңызды көтөрөт.

Букачар. Күндү маанилүү иштер менен баштабаңыз, анда кыйынчылык болушу мүмкүн жана аны чечүү оңойго турбайт. Бүгүнкү күн жеке дагы, жумуш боюнча дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жарабайт. Экөө тең чыңалган абалда болушу мүмкүн. Маанилүү чечимдерди кабыл алып, өзүңүзгө кандайдыр бир милдеттерди жүктөөгө болбойт. Акырындык менен кырдаал өзгөрөт дагы күндүн экинчи бөлүгү биринчи бөлүгүнө караганда тынч өтөт. Жемиштүү болот деп айтуу кыйын, бирок эс алууга, жакындарга убакыт бөлүүгө мүмкүнчүлүк табылат. Ийгиликтүү сатып алуу болушу мүмкүн.

Эгиздер. Күн ийгиликтүү болот. Сиз күткөндөн да көп нерсени аласыз. Кыйынчылыкка кабылган адамга жардам берүүгө мүмкүнчүлүгүңүз болот. Күн сатып алууларга ылайыктуу – акчаңызды куру бекер коротпой, туура колдоносуз. Жеке мамиледе жакшы жакка өзгөрүү болот. Урушкан адамдар менен табышасыз. Эски таарынычтар унутулат.

Бөйөн. Сиз энергиялуу жана чечкиндүүсүз, каалооңузга бат эле жетесиз. Бүгүн эч ким сиздин алдыңызга чыга албайт. Бирок эсиңизде болсун, күчүңүз чексиз эмес. Маал маалы менен эс алуу үчүн тыныгуу жасап туруңуз. Болбосо күн соңунда өзүңүздү начар сезишиңиз мүмкүн.

Арстан. Күн жөн башталбайт. Бирок интуицияңызга таяна бериңиз, бүгүн ал сизге туура жол көрсөтөт. Шашпаңыз. Кандай ишти баштабаңыз, ылайыктуу учурду күтүңүз. Досторуңуз, кесиптештериңиз менен пикир келишпөөчүлүк болушу мүмкүн. Бирок ал пайдалуу болот, аны менен чындыкка жетесиз.

 Бийкеч. Абдан жемиштүү күн. Сиз көп иштерди жасай аласыз. Башкалар башын катырып жаткан иштерде сиз абдан тез чечим чыгарып, туура жол табасыз. Өзгөчөлүү адамдар менен баарлашууңуз мүмкүн. Достук же романтикалык мамиле башталышы ыктымал.

Тараза. Сиз чечкиндүү, энергиялуусуз, пландарыңыздан баш тартпаңыз жана каалооңузга жетмейинче токтобоңуз. Сиздин активдүү аракеттериңиз айланадагылардын кыжырын келтирип, нерв кылат. Бирок эч ким тоскоолдук кыла албайт. Болгону шашылыш чечим кабыл албаңыз. Ар бир кадамыңызды ойлонуштуруңуз.

Чаян. Ийгиликтүү күн. Ар кандай иштерди жасоого ылайыктуу, бирок биргелешкен аракет талап кылган иштерге басым жасаңыз. Сиз жаңы өнөктөштөрдү таба аласыз, убакыттын өтүшү менен алар сизге мыкты дос болуп беришет. Сапарга чыксаңыз, ал жеке максатта болсун же иш сапары болсун, жемиштүү болот.

Жаачы. Күндүн башталышы маанайыңызды түшүрөт. Саат сайын өзгөрүлгөн кырдаал пландарыңызды алмаштырууга түртөт. Чоң ката кетирип алышыңыз да мүмкүн. Аларды эч ким байкай электе оңдоого умтулуңуз. Майда ката дагы репутацияңызга зыянын тийгизиши мүмкүн. Күндүн экинчи жарымы тынч жана жагымдуу абалда өтөт.

Текечер. Олуттуу иштерди да, маанилүү адамдар менен жолугушууларды да кийинкиге калтырбаңыз. Экөө тең күндүн биринчи жарымында болсо жакшы, анткени бул убакта жылдыздар сизге ырайымдуу болуп турушат. Андан кийин эмоционалдык фон бир топ чыңалат – маанайыңыз болбогон нерсеге деле чөгө берет. Кээде баарын өзүңүз эле чече бербей, жакындардын кеңешине да кулак салып коюңуз.

Суу пери. Бул күн кандайдыр бир маанилүү окуяны жаратпайт, бирок нерв болууга туура келет. Ушундай абал түзүлөт: бирдемени түшүнүү үчүн сизге көп убакыт талап кылынат. Анын айынан бардык тапшырманы мөөнөтүндө аткара албайсыз. Бирок мындан эч кандай чоң маселе жаралбайт. Кырдаалга баш ийип, анын жетегинде болуп кое бериңиз.

Балык. Жакшы күн. Качантан бери ойлоп жүргөн нерсеңизди ишке ашыруу үчүн бүгүнкү күндү пайдаланыңыз. Кандайдыр бир майда кыйынчылык жаралышы мүмкүн, бирок чочулабай алдыга жыла бериңиз. Жумуш боюнча сүйлөшүүлөр жемиштүү болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button