Кызыктар

Күтүлбөгөн чыгашадан качыңыз: 11-октябрга гороскоп

Кой. Бүгүн сиздерге каржы маселесине көңүл бурууга туура келет. Күтүлбөгөн чыгашалар болушу мүмкүн, ошондуктан көзүңүзгө көрүнгөндүн баарын сатып ала бербеңиз. Күн чыгашаларды анализдөө жана бюджетти пландоого ылайыктуу.

Букачар. Жылдыздар жеке мамилелерге көңүл бурууга кеңеш берет. Кыязы, сиз көптөн бери маанилүү сүйлөшүүнү кийинкиге калтырып келгенсиз – бүгүн аны жасасаңыз болот. Ачыктык жана түшүнүү ийгилигиңизге ачкыч болуп берет.

Эгиздер. Бүгүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн күнү. Жумушта же окуудагы жаңы сунуштарга даяр болуңуз. Кандай жаңы долбоор болбосун коркпой колго алыңыз – алар ийгилик алып келет.

Бөйөн. 11-октябрда сизге эмоцияңызга этият болууга туура келет. Бүгүн ар кандай конфликтик кырдаалдар жаралат, бирок жылдыздар тынч, токтоо, сабырдуу бойдон калсаңыз жагымсыз окуялардын алдын аласыз деп эскертет.

Арстан. Сиз бүгүн лидердик табиятыңызды көрсөтө билиңиз. Эл сизди угат жана пикириңизге ынанат. Бул маалды өзүңүздүн идеяңызды жана маанилүү чечимге болгон таасириңизди алдыга жылдыруу үчүн колдонуңуз.

Бийкеч. Ден соолугуңузга көңүл буруңуз. Текшерүүдөн өтүңүз, кыязы сизге физикалык жактан активдүү болууга же эс алууга убакыт келди. Денеңиз берип жаткан белгилерге кош көңүл болбоңуз.

Тараза. Бул күн сизге гармониялуу жеке жашоону тартуулайт. Эгерде буга чейин жеке мамилелерде көйгөй болуп келсе, бүгүн анын баарын чечип, жакындар менен тил табыша аласыз.

Чаян. Жылдыздар карьераңызга көңүл бурууну сунуштайт. Бүгүн кызмат абалыңыздан жогорулатуучу же дагы башка кызыктуу сунуш түшүшү мүмкүн. Тобокелчиликке баруудан коркпоңуз – бул сиздин учур.

Жаачы. 11-октябрда өзүңүздү өнүктүрүүнү колго алыңыз. Бүгүн окууга, жаңы жөндөмдөрдү өздөштүрүүгө ылайыктуу күн. Бүгүн үйрөнгөн нерсеңиз келечекте пайдасын тийгизет.

Текечер. Сиз бүгүн жумушта кылдат болуңуз. Аракетиңиз жетекчилик жактан байкоого алынат, ошондуктан кошумча тапшырмаларды алып, аткаруудан качпаңыз, анын баары бизге пайда гана алып келет.

Суу пери. Чыгармачыл долбоорлорго ылайыктуу күн. Фантазияңыз жана креативдүүлүгүңүз жогорку чекте турат, идеяларыңызды ишке ашырууну кое бербеңиз. Достор жана тааныштар менен жолугушууга ыңгайлуу күн.

Балык. Жылдыздар эс алыңыз деп кеңеш беришет. Күн эмоционалдык жактан чарчатышы мүмкүн, ошондуктан күчүңүздү калыбына келтириңиз. Жаратылышта сейилдөө же медитация энергияңызды толуктайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button