Негативке орун жок: 15-октябрга гороскоп

Кой. Эгерде бүгүн боюңузду көтөрүп, өжөрлөнө берсеңиз күн ийгиликсиз болуп калышы мүмкүн. Астрологдор баарлашуу ресурсуңузду негатив эмес, кубаныч тартуулоочу адамдарга буруңуз деп кеңеш беришет.
Букачар. Бүгүн алдыңызга жыгылып кетсин деп таш койгондор чыгат, ал сиздин кыжырыңызды келтирет. Бирок кайгырбаңыз, тагдыр аны кантип алып ташташты билет, сиз унчукпай тура бериңиз, сиз үчүн кырдаал иштеп, баары сиздин пайдаңызга чечилет.
Эгиздер. Сизде баары стабилдүү болот, ошондуктан кандайдыр бир сюрприздерди күтпөй эле коюңуз. Жылуулук жана сүйүү жетпеген адамдарга кайрымдуу болуп коюңуз.
Бөйөн. Бөйөндөрдө бүгүн идеалдуу күн болот, бардык иштер шыр кетет. Астрологдор жогорку күчтөр берип жаткан нерсени баалоону кеңеш беришет.
Арстан. Эгерде күндү туура уюштура берсеңиз, анда бүгүн сапаттуу эс алууга убакыт таба аласыз. Уюштуруучулук сиздин жашооңуздун негизги бөлүгү болушу керек.
Бийкеч. Кечти жакындарыңызга бөлүңүз. Көбүнчө “бийкечтер” эң жакын адамдар көңүл бурууга муктаж экенин унутуп калышат.
Тараза. Ишти керегине жараша бөлүштүрүңүз, маанилүүлөрдү унутта калбасын. Ошентип, башыңызды ойлордон да бошотосуз, тапшырмаларды да убагында аткара аласыз.
Чаян. Бүгүн “чаяндар” тоону да томкоро алышат. Мүмкүнчүлүктү кое бербеңз, анткени бүгүнкүдөй шанс миң күндө бир келет.
Жаачы. Сизге чыгармачылык ишмердүүлүктү күчөткөн эргүү келет. Бул жаатта аракет кылсаңыз ийгилик келет. Жада калса өзүңүздү да таң калтыра турган жыйынтык аласыз.
Текечер. Күн абдан жемиштүү болот, ошондуктан бир аз аракет кылууга туура келет. Бүгүнкү күнгө башкы кеңеш – башкалардын маанайына ыңгайлашпаңыз, ички сезимиңизге жараша иш кылыңыз.
Суу пери. Негативке көңүл бурбаңыз, андан көрө жакшы ой жүгүрткөнгө аракеттениңиз. Эгер сизге башкалардын жардамы керек болсо, ал тууралуу айтуудан тартынбаңыз.
Балык. Сиз үчүн күн бат өтөт, анткени позитивдүү маанай дайыма жаныңызда болот. Мындай эмоция күндү жаркыратат жана оюңуздагы нерселерди ишке ашырууга жол ачат.



