Ноокенде эрезеге жете элек тууганына сексуалдык ыдык көрсөткөн жаран кармалды

Ноокен районунда өспүрүм кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка караганда, Ноокен ИИБине айылдардын биринин 52 жаштагы тургуну К.Б. өспүрүм кызга карата сексуалдык ыдык көрсөткөнү тууралуу маалымат келип түшкөн.
Такталгандай, шектүү кызга тууган болуп кетет. Кыздын ата-энеси көп жыл мурда ажырашып, учурда бөлөк жашашат. А кыз туугандарынын колунда калган.
Чогулган материалдардын негизинде КР Кылмыш жаза кодексинин 158-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө киши кызга карата 2023-жылдан бери бир нече жолу сексуалдык аракет жасаганы белгилүү болгон. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Андан соң, 14-октябрда Ноокен райондук соту шектүүнү 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды.



