Пландалбаган чыгымдан качыңыз: 22-октябрга гороскоп

Кой. Бул күн сиз үчүн жагымдуу мүмкүнчүлүктөрдү ачса да, аны өзгөчө ийгиликтүү деп айтууга болбойт. Негизгиси, арам ойлуулар жолуңузга тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Мындай амалкөй адамды ашкерелегенге аракет кылаарыңыз менен башкалардын көзүнө сиз жаман адам болуп каласыз. Ошондуктан кылдат болуңуз.
Букачар. Көптөн бери сизге таарынып жүргөн адам акыры сиздин туура экениңизди түшүнүп, жарашууга өзү биринчи кадам таштайт. Майда тиричилик маселелери жаралышы мүмкүн. Аны чечүү чыгымдарга алып келет. Үнөмдөө акыл-эстүү болушу керектигин эске алыңыз, болбосо сараң эки жолу төлөйт болуп калышыңыз мүмкүн.
Эгиздер. Пландарыңызды жана умтулууларыңызды жакындарыңызга айтып туруңуз. Алар сизге жакшы кеңеш да, реалдуу жардам да берип калышы мүмкүн. Бул күн жеке жашоодо жакшы өзгөрүүлөрдү алып келет. Ал жаңы таанышууларга жана буга чейинки мамилелерди бекемдөөгө ылайыктуу. Сезимиңизди ачык айтуудан коркпоңуз, сизди туура түшүнүшөт.
Бөйөн. Бул күнү мыйзамды бузган ар кандай аракеттерди жасабаңыз. Кандай себеп болсо дагы. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен бет келишип калышыңыз мүмкүн. Күндүн экинчи жарымында пландалбаган каржы чыгымына дуушар болосуз.
Арстан. Сиз оңой таанышасыз, бирок шектүү байланыштардан туюмуңузга таянып алыстайсыз. Буга чейин түзгөн пландарыңызды карманганыңыз жакшы, тандап алган жолуңуз менен бара бериңиз. Сүйүктүү адамыңыз оор учурда колдоого алат, а жеңишке жеткениңизде чын дилинен кубанат.
Бийкеч. Эски жаңжалды юморго жакындыгыңыз менен жөнгө саласыз. Улуу муундагы туугандарыңыз менен пикир келишпөөчүлүк катуу болот, дароо эле жарашууга мүмкүн болбойт. Бирок баары бир алар менен тил табыша аласыз.
Тараза. Айрым кыйынчылыктар сиздин акылдуулугуңуз, компромисске баруу жөндөмдүүлүгүңүз менен чечилет. Бул күнү каржы жана кыймылсыз мүлккө байланышкан маселелер жаралышы мүмкүн. Азырынча акыркы жыйынтык чыгарбай туруңуз, эки күндөн кийин жаңы жагдай жаралат.
Чаян. Алыскы туугандар айтпай эшигиңизди кагышат. Күтүлбөгөн коноктор болсо дагы жылуу-жумшак тосуп алыңыз. Сүйүктүү адамыңыз менен пикир келишпөөчүлүк болушу мүмкүн, бирок кайгырбаңыз, кечке чейин баары калыбына келет.
Жаачы. Иш сапарларына чыгууга, абалды өзгөртүүгө, жаңы иш табууга ылайыктуу күн. Сиз жаңы таанышууларга муктаж болбосоңуз дагы бул күн сизге кызыктуу адамдарды жолуктурат. Ошондуктан мүмкүн болушунча бул күндү үйдө отуруп өткөрүп жибербөөгө аракеттениңиз.
Текечер. Жаңы иштерди баштоодо абайлаңыз, ал эгерде сизди тажрыйбалуу, таасирдүү адамдар колдогондо гана ийгиликтүү болот. Ири сатып алууларды жасабай туруңуз, анткени бүгүн ойлогондон да көп чыгымга дуушар болушуңуз мүмкүн. Анан да сиз бүгүн кызыктуу жолугушууларга чакыруу аласыз.
Суу пери. Күн тынч өтөт, көп майда кубаныч тартуулайт. Турак жайга байланышкан пландарыңызды ишке ашыра аласыз. Балдарыңызга көңүл буруңуз.
Балык. Сиздин күнөөңүздөн жаралбаган маселелерди чечүүнү колго аласыз. Бирок кыйынчылыктар болот. Айланадагыларга бир аз чыдамкайлык менен мамиле жасаңыз, ошондо баары жакшы болот.



