Спорт
Балбай Дордоков Болгариядагы эл аралык мелдештин финалына чыкты

Кыргызстандык Балбай Дордоков грек-рим күрөшү боюнча Болгарияда өтүп жакан Dan Kolov — Nikola Petrov эл аралык мелдешинин финалына чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара 17-20-февралда Велико-Тырново шаарында өтүүдө.
Дордоков 55 кг салмакта мелдештин жарым финалында алжирдык балбанды 6:4 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды.
Аталган салмак категориясынын финалы бүгүн, 18-февралда Бишкек убактысы менен саат 22:00дө болот.
Эскерте кетсек, Dan Kolov — Nikola Petrov эл аралык мелдешине Кыргызстандын атынан 15 балбан аттанган.



