Спорт
Валентина Шевченко: UFC турнири Кыргызстанда өтүшү керек

Валентина Шевченко UFC турнири Кыргызстанда өтүшү керек деген пикирде. Бул тууралуу ал УКМК төрагасы, ММА ассоциациясынын президенти Жумгалбек Шабданбеков менен ата мекендик аралаш мушташ өнөрүнүн спортчуларынын жолугушуусунда айты.
«Кыргызстанда мушташ өнөрүн абдан жакшы көрүшөт. Ошондуктан сөзсүз UFC турнири өтүшү керек. Муну ишке ашырыш үчүн колдон келгендин баарын жасайм. Мен 11 титулдук беттеш өткөрдүм, дайыма атаандаштарымдын аймагында мушташууга туура келди. Өз мекенимде чыгышымды көптөн бери самап жүрөм», — деди Шевченко.
Бул демилгени башка спортчулар да колдоп, мелдешти «Бишкек Арена» стадионунда өткөрүүгө болорун, ага 51 миң күйөрман топтолорун айтышты.



