Коом

Казакстан 6 ай мунай экспорттобойт

Казакстандын Энергетика министрлиги өлкөдөн мунай продуктуларын жана бензинди чыгарууга тыюу салуу жөнүндө буйрук чыгарды.

Чектөө 20-ноябрдан 2026-жылдын 20-майына чейин созулат. Бул ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге да тиешелүү. Документте көрсөтүлгөндөй, унаа транспорту менен бензинди, дизель майын жана мунай продуктуларынын айрым түрлөрүн чыгарууга тыюу салынат.

Мунай продуктуларын темир жол транспорту менен да чыгарууга болбойт. Ошондой эле, 2026-жылдын 1-январынан 30-июнуна чейин ЕАЭБдин чегинен тышкары жеңил дистилляттарды, авиациялык керосинди, дизель майын, газойлдорду, толуолду, ксилолду жана битумду чыгарууга тыюу салынат.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button