Коом

ИИМдин 9 айдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отуруму башталды

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 25-октябрда Ички иштер министрлигинде ички иштер органдарынын 2024-жылдын 9 ай ичиндеги  аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отуруму башталды.   Ага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, ички иштер министринин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары, Ички аскерлердин кол башчысы жана ички иштер органдарынын жетекчилери катышууда.

Коллегиялык отурумдун жүрүшүндө 2024-жылдын 9 айында аткарган ыкчам кызматтык ишмердиктин жыйынтыгы, Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген “Улуттук пландын” аткарылышы, кызматтык тартиптин абалын чыңдоо жана сапаттуу кадрларды даярдоо, эл менен жолугушуу учурунда коомчулук тарабынан айтылган көйгөйлөрдү жоюу боюнча аткарылган иш-чаралар, ар түрдүү маселелер, анын ичинде биринчи жана экинчи Элдик курултайда Ички иштер министрлигине тиешелүү суроолордун чечилиши жөнүндө маселелер каралат. 

Коллегиялык отурум Улан Ниязбеков сөзү менен башталып, анда кыргыз милициясынын басып өткөн жолуна кыскача токтолду.

Ошондой эле, ал ушул жылдын 9 ай ичиндеги кемчиликтер менен көйгөйлөр талкууланып, алдыга коюлган максаттар белгилене турганын билдирди.

Андан соң, жалпы баяндама жасоо үчүн  сөз ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек  Бийбосуновго берилип,  ички иштер органдарынын 2024-жылдын 9 ай ичиндеги  аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button