Коом

ИИМ: Адылбек Бийбосунов ички иштер органдарынын 9 айдагы аткарган иштери боюнча маалымат берди

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2024-жылдын 25-октябрында ИИМдин жыйындар залында ички иштер органдарынын ушул жылдын 9 айда аткарган ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум өтүп жатат. Ага Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, ички иштер министринин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары, Ички аскерлердин колбашчысы жана ички иштер органдарынын жетекчилери катышууда.

Жалпы баяндама жасоо үчүн сөз ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновго берилип, ички иштер органдарынын 2024-жылдын 9 ай ичиндеги аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

“Жалпысынан быйылкы жылы 9 ай аралыгында республика аймагында 29 миң 872 кылмыш иши козголгон, алардын ичинен 27 миң 713 ички иштер органдары тарабынан козголуп, жалпы козголгон кылмыштардын 92,8 пайызын түзгөн. Негизинен салыштырмалуу кылмыштуулук динамикасы 17,4 пайызга азайган”,-деди Адылбек Бийбосунов.

Андан сырткары,  ал ыкчам кызматтык ишмердүүлүктөгү кемчиликтерге,  жер-жерлердеги ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгына  токтолуп, коюлган тапшырмаларды так аткарууга, мамлекеттик органдар арасында жана эл аралык рейтингде өзүбүздүн позицияларыбызды жогорулатууга бардык аракеттерди көрүү керектигин баса белгиледи.

“Ошондуктан урматтуу жетекчилер, айтылган сын-пикирлерди туура кабыл алып, тыянак чыгарасыздар деген ойдомун, ошол эле учурда ишти туура уюштурууга, мерчемдөөгө, кызматкерлерге туура багыт берип, көзөмөлгө алууга чакырып кетем. Аткарууга алынган ар бир иш-кагазды дагы бир сыйрадан карап, керектүү чараларды көрүп, жеке көзөмөлгө алыңыздар.

Көз ачып-жумганча кыш мезгили келип, жылдын жыйынтыгын чыгарабыз. Ушул көрсөткүчтөр менен кирип барбашыбыз үчүн мен белгилеп кеткен жана башка багыттар боюнча позицияларды оңдоп, жаңыча мамиле жасообуз керек”-деп Адылбек Бийбосунов баяндамасын жыйынтыктады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button