Кызыктар

Берешен болуп чыга келесиз: 28-октябрга гороскоп

Кой. Бүгүн катаал үнөм режиминде болосуз – бул бир гана акчага байланыштуу эмес, жашоо энергиясы тууралуу да сөз болууда. Күн активдүү болбойт, тескерисинче тез чарчап, бул ойлоруңузга жана ишиңизге да таасирин тийгизет. Ошондуктан Кой белгисинин алдында төрөлгөн тааныштарын башкалар кайсы бир долбоорго кошууга бүгүн аракет кылбай эле коюшу керек. Бүгүн кандай ишти кармабаңыз, аны жакшы жүргүзүүгө энергияңыз жетпей калат.

Букачар. Бүгүн сиз айланадагылардын жүрөгүнө жол табуунун эң жөнөкөй ыкмасын колдоносуз, башкача айтканда акчаны. Балким, кайсы бир кеченин демөөрчүсү болосуз же тааныштарды киного же башка көңүл ачуучу жайга алып барасыз. Зарыл болуп калса “букачар” бүгүн өзүнүн буюмун же кийимин деле белекке берип жибериши мүмкүн. Ошол эле убакта мунун баарын акылсыз чыгаша катары эмес, капитал топтоо иретинде кабыл алуу керек. Бул макамыңызды бийиктетет жана айланадагылардын сизге болгон урмат-сыйын жаратат.

Эгиздер. Кырдаал сизди чоң суммадагы акча менен «коштошууга» мажбурлашы мүмкүн. Айрым долбоорлоруңуздун коопсуздугу шек жаратат, ошондуктан документтерге кылдат болуңуз. Чыгармачылык менен алектенгендерге жакшы күн болот. Бүгүн ызы-чуудан жадап, баарынан качкыңыз келет, бирок аны жасабаңыз, көпчүлүк менен бирге болуп, эмоцияңызды көзөмөлдөңүз.

Бөйөн. Активдүү болгонго аракет кыласыз, бирок жыйынтыгы тескери болот. Анын үстүнө активдүү болом деп атып, жөн отурган адамдарды да толкутуп жиберишиңиз мүмкүн. Башка бирөөнүн ишине кийлигишүү, кырдаалды курчутуу дагы башка аракеттериңиз сизге зыян алып келет. Мунун баары болбошу үчүн кайнаган иштиктүүлүгүңүздү басаңдатып жүрүп отуруңуз.

Арстан. Бүгүн фигураңызга өтө зыяндуу күн, анткени кайсы бир нерседен баш тартуу сизге кыйын болот. Шоколад жейсиз, жаңы туфли аласыз, айтор, өз ырахатыңызга келгенде берешен болуп чыга келип, бир гана өзүңүздү ойлоп каласыз. Бирок эсиңизде болсун: мындай кылуу белиңизди семирткени менен капчыгыңызды арыктатат.

Бийкеч. Организмиңиз жашырып жүргөн толтура энергия бар. Эгер ал эркиндикке чыкса эле, сиз кандай тоскоолдук болбосун кесип өтө аласыз, чыкпаса анда суудан да тынч болуп күндү жашайсыз. Кайсынысы ишке ашат, бүгүн сизге кандай кырдаалдар кезигерине жараша болот. Кадимкидей жай күн “Мен” деген эгоңузду ойгото албайт, а кокус кандайдыр бир эрдик жасоо зарылчылдыгы жаралып калса, анда ичиңизден вулкан атып чыгат.

Тараза. Өзүңүздөн бүгүн тартипти жана тактыкты талап кылбай эле коюңуз. Сиз балким жашооңузга аз хаос, көп тартип киргизгиңиз келет, бирок каалайм жана колумдан келет деген сөздөрдүн ортосундагы аралык алыс экенин эстен чыгарбаңыз. Бүгүн көп нерсени ишке ашырууга күчүңүз жетпейт, ошондуктан өзүңүз кандай болсоңуз ошондой кабыл алууга туура келет. Жакшысы өзүңүздү бош кое берип, агым менен ага туруңуз.

Чаян. Ишиңиз эң жакшы болот: беш эмес, беш плюс. Айрыкча, кырдаал жарга такап, тез жана өзгөчө чечим кабыл алуу зарылчылдыгы жаралса. Ошондуктан бүгүнкү күн татаал тапшырмаларын алдыга койсо, кубаныңыз, анткени ага мээни иштетип жатып, өзүңүз да мурда байкабаган кандайдыр бир жакшы сапаттарыңызды ачыкка чыгарасыз.

Жаачы. Бүгүн сизге өтө жакшы күн болбойт: көп нерсе кыжырыңызды келтирип, өзүңүздөн чыгарып жибериши да мүмкүн. Иш илең-салаң болот, а айланадагылар түшүнүшпөйт же жалкоолук кылышат. Бирок акыйкаттуулук үчүн айта кетели, “жаачы” башкалардын ишине гана эмес, өзүнө да канааттанбайт. Болгон күчүңүздү топтоо менен жөнөкөй иштерди аткарышыңыз мүмкүн, бирок аны да ырахаттануу менен эмес, аргасыздыктан гана.

Текечер. Бүгүн сиз болушунча жай, жыйнаксыз болуп, оюңузду бир жерге топтой албай кыйналасыз. Бул күнү бою кыжырыңызды келтирет, кокус жаныңыздагылар тараптан бир аз эле терс сөз айтылып кетсе, топтолуп турган кыжырыңыз булактай агып чыгышы мүмкүн. Ошондуктан мүмкүн болушунча өзүңүздү көзөмөлдөңүз. Бүгүнчө эле, а эртең башка күн.

Суу пери. Бүгүн көп нерсе эртең менен керебеттен кайсы бутуңуз менен турганыңызга байланыштуу болот. Башкача айтканда маанайыңызга жараша. Болбосо энергияңыз да көп болот, каалаганыңыздын баарын ишке ашырууга ылайыктуу күн. Бирок маанайыңыз жаман болсо, ишиңиз илгерилебей артка тартат, жакшы болсо анын кантип аткарылып калганын баамдабай да каласыз. Ошондуктан күндү күлүп тосуңуз.

Балык. Жалкоолуктун туткунунан бошонуу кыйын болот. Бирок эптеп бошонуп чыкканда деле иштеп кете алаарыңыз күмөн. Күн сизге бир нерсе убадалап жатат, ал – бекерчилик. Анткен менен жылдыздар бүгүн бул нерсе сизге зыян алып келбей турганын айтышууда. Кино көрүп, сейилдеп же достор менен жолугушуңуз. Бул күндү ырахатыңыз үчүн коротуңуз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button