Сизден кеткен адамга ыраазычылык билдириңиз: 29-октябрга гороскоп

Кой. Горизонтто жашооңузду өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот. Астрологдор чечим кабыл алууну кийинкиге калтырбоону сунуштайт, анткени азыр сизде максаттарыңыздын көбүн ишке ашырууга жетиштүү күч бар.
Букачар. Эгер бүгүн кыжырыңызга тийген абал пайда болсо, аны жайгарууга мүмкүн болушунча сабырдуу болуңуз. Азыр жаңжал чыгарууга ылайыктуу учур эмес.
Эгиздер. Жаңы тажрыйба аласыз жана ал жакынкы келечекке жакшы жол түзүп берет. Бирок баары бир караганда байкалгандай жеңил боло бербейт.
Бөйөн. Эгер бүгүн кимдир бирөө же кайсы бир нерсе үчүн коштошууга туура келсе, ага ыраазычылык билдириңиз. Өткөн өткөн чакта гана калышы керек, а сиз келечекке багыт алыңыз.
Арстан. Сиз бүгүн жашооңузду түп тамырынан өзгөртүүчү чечим кабыл алышыңыз мүмкүн. Бирок тагдырдын мындай бурулушуна даярсызбы же жокпу, жакшылап ойлонуңуз.
Бийкеч. Көзүңүзгө жакшы көрүнгөн нерсенин баарын сатып ала бербеңиз. Шопингди дем алыш күндөрүнө же кийинки жумага жылдырыңыз.
Тараза. Жашоонун романтикалык жаатында демилгени өзүңүз көтөрүүгө туура келет. Шам жагылган кечки тамак уюштуруңуз же баалуу белек даярдаңыз, айтор өнөктөшүңүздүн көңүлүн өзүңүз алганга аракеттениңиз.
Чаян. Эгер бир ишти баштаган болсоңуз, аны аягына чыгарыңыз. Башкалардан жардам күтпөңүз, жеке күчүңүзгө гана таяныңыз.
Жаачы. Сезимдерди билдирүүгө даяр болбогонуңуз үчүн качантан бери кийинкиге калтырып келген маанилүү сүйлөшүүнү пландаңыз. Бардык эркиңизди бир муштумга топтоп, эчактан бери кыйнап келген ойлоруңузду ачыкка чыгарыңыз.
Текечер. Так максатка көңүл коюп, аны ишке ашыруу үчүн иштеңиз. Биз тагдырыбызды өзүбүз жасайбыз, ошондуктан ийгилик өжөрлүгүбүзгө жана ишенимдүүлүгүбүзгө көз каранды.
Суу пери. Чыдамкай болуп, кабатырланууну экинчи планга жылдырыңыз. Жумуш күнүнөн кийин көңүлүңүзгө жаккан иш менен алектенсеңиз, ал сизге эс алуунун ордун толтуруп берет.
Балык. Башка бирөөлөрдүн маселесине анчалык катуу кайгыра бербеңиз, маанайыңыз башкалардын маанайынан көз каранды болбоого тийиш. Өзүңүздү жана жеке сезимдериңизди сыйлаңыз.



