Улан Ниязбеков милиция кызматкерлерин келе жаткан мааракеси менен куттуктады
Бүгүн, 30-октябрда Кыргыз милициясынын кылымдык мааракесин утурлай Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков майрам алдындагы иш-чарага катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө өзгөчөлөнгөн милиция кызматкерлерине алардын коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоого кошкон салымын билдирген медалдар тапшырылды.
Катышуучуларга кайрылып, укук коргоо мекемесинин башчысы мындай деп белгиледи: «Бүгүн, жүз жыл мурункудай эле, биздин милиция да элдин кызыкчылыгын коргоодо турат. Сиздердин эмгегиңиздер жана коопсуздукка болгон берилгендигиңиздер терең урматтоого татыктуу. Маарекебиз өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн жаңы жетишкендиктерге түрткү болсун».
Ал эми, бүгүнкү иш-чара өткөн ИИМдин борбордук аппаратынын жыйындар залы жакында капиталдык оңдоонун алкагында толугу менен жаңыланды. Залдын заманбап дизайны жана жабдуулары ар кандай деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүү үчүн эң жогорку стандарттарга жана талаптарга жооп берет.
Жаңыланган зал презентацияларды жана баяндамаларды сапаттуу өткөрүүгө гана эмес, катышуучулар үчүн дагы максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берген заманбап мультимедиялык тутумдар менен жабдылган. Ыңгайлуу отургучтар, жарыктандыруусу жана үндөрдү чыгаруу тутуму ИИМде өткөрүлгөн ар бир иш-чаранын маанилүүлүгүн баса белгилейт.