Коом

Камсыздандыруу полиси жок эми үйдү сатууга да, алууга да мүмкүн эмес

Кыргызстанда кыймылсыз мүлктү алып-сатууда милдеттүү камсыздандыруу полиси талап кылынат.

Башкача айтканда, милдеттүү камсыздандыруусу жок турак жайды сатып алуу, сатуу, күрөөгө коюу мүмкүн эмес. Токтомду министрлер кабинети кабыл алды.

Мамлекеттик камсыздандыруу компанияларында турак жайды камсыздандыруу шаар жерлеринде жылына 1200 сом, айыл жеринде 600 сом турат. Мамфинкөзөмөл турак жайды камсыздандыруу мүлктү коргоо гана эмес, ар бир үй-бүлө үчүн финансылык коопсуздуктун маанилүү аспектиси экенин белгилеген. 

Турак жай камсыздандырылган болсо, ар кандай кырсыктарда, сел, өрт жана башка күтүүсүз учурларда мамлекет чыгымды жаап берет. 

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button