Коом

Коронавирус. 39 адамдан аныкталып, эки бейтап каза тапты

Өткөн суткада 39 кишиден коронавирус аныкталып, 216 бейтап сакайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган.

Илдет илештиргендер:

Бишкек шаары – 19;

Чүй облусу – 7;

Ош облусу — 1;

Ысык-Көл облусу – 7;

Жалал-Абад облусу — 2.

Ушуну менен өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны 200 214кө жетип, анын ичинен 193 601 адам дартты жеңген.

Тилекке каршы, өлүм учурлары дагы эле катталууда. Бир сутка ичинде дарт эки бейтаптын өмүрүн алган. Алар Бишкек шаарынын тургундары.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 353 бейтап стационарда, ал эми 1 754 адам амбулатордук шартта дарыланып жатканы белгилүү болду. Ооруканадагылардын ичинен 143 бейтаптын абалы оор болсо, 43 кишинин абалы өтө оор деп бааланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button