Ийгиликтүү күн! 11-ноябрга карата гороскоп

Кой
Бүгүн сиз эркин куш болосуз, эч кандай иштер же милдеттенмелер сизди кыйнай албайт. Өзүңүздүн ырахатыңыз үчүн гана эс аласыз. Жагымсыз ушактардан, сөздөрдөн алыс болуңуз.
Букачар
Бүгүн сырткы келбетиңиз өзгөчө маанилүү болот. Жан дүйнөң канчалык тыбырчылап, тынч болбой жатса да өзүңө ишенген масканы кий, ошондо сага эч ким даай албайт. Бүгүн баардык ишти ишенимдүү аткарасыз.
Эгиздер
Бүгүн так ошол күн, сиз кийинчерээк: «Бакыт болмок эмес, бирок кырсык мага жардам берди» деп айта турган күн. Бүгүн эмне болсо да, аягы бактылуу жана ийгилик сага кепилдик берет.
Бөйөн
Бүгүн сиз шашуунун даамын сезесиз, анда баары акыркы мүнөттө чечилип, ойлонууга да убакыт болбойт. Кээ бирөөлөргө бул жагышы мүмкүн, бирок мындай көнүгүүлөрдү жактырбагандар баарына даяр болушу керек. Кандай болсо да ийгиликтүү күн.
Арстан
Бүгүн кимдир бирөө менен баарлашуу убактыңызды минималдуу чектегениңиз жакшы. Бул өзгөчө туугандарга тиешелүү. Болбосо, алар менен урушуп кетүү ыктымалдыгы жогору. Этият болуңуз.
Бийкеч
Жаңы ыкмалар жана жаңы идеялар бүгүн эң чоң ийгиликке жетелейт. Өзгөрүүлөр байкала элек аймакта бир нерсени өзгөртүүгө аракет кылыңыз. Ийгилик сиз тарапта.
Тараза
Бүгүн сиз буга чейин башка бирөөнүн идеясына ылайык жашоо үчүн ийгиликсиз аракеттерден улам келип чыккан стресс менен күрөшүү үчүн көп энергия коротууга туура келиши мүмкүн. Башкалар үчүн да, өзүңүз үчүн да кандай болсоңуз ошол бойдон калуу алда канча жеңил жана жакшыраак. Өзгөрөм деп аракет кылбаңыз.
Чаян
Сиз эл алдына сүйлөгөндү жакшы көрөсүзбү? Андай болсо бул сенин күнүң. Сиздин сүйлөгөн сөзүңүз абдан жарашыктуу, абдан таасирдүү жана маңызы боюнча аксиоматикалык болот. Баарынан жаңылсаң да, эч ким байкабайт. Көңүл борбордо болосуз.
Жаачы
Сиз өз милдеттериңизге өтө олуттуу мамиле жасайсыз. Албетте, сиз болуп жаткан окуялар үчүн кандайдыр бир деңгээлде жооптуусуз, бирок бул бардыгын жеке кабыл алуу керек дегенди билдирбейт. Эч нерсеге көңүл бурбаңыз.
Тоо теке
Бүгүн кимдир бирөө сизди алдаганга аракет кылышы мүмкүн. Эмне болуп жатканын жакшыраак карап көрүңүз, буга жол берүү кыйын. Этият болуңуз.
Суу куйду
Бүгүн сиз бир нерсе сатып алууда этият болуңуз, шылуундардын курмандыгы болуп калышыңыз ыктымал. Эгер үйдөн чыгууга муктаждык болбосо эч жакка шашылбаныз жана чыкпай да койсоңуз болот. Колдон келсе соода сатыкка жакындабай туруңуз.
Балык
Бүгүнкү күнгө бир нерсени пландаштырып жатканда, графигиңизди жылдырууга түзөтүү киргизиңиз. Балким, бир нерсени тез өзгөртүүгө туура келет. Андыктан маанилүү ишти пландабай туруңуз. Анткени менен сизге ийгиликтүү күн.



