Коом
Бишкектеги Кулиев көчөсүндөгү жолду капиталдык оңдоо кайсы этапка келди?
Бишкектеги Кулиев көчөсүндөгү жолду капиталдык оңдоо кайсы этапка келди?

КР «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын «Сапат Геодезия» подряддык уюму Кулиев көчөсүн балдар аянтчасынан Максат көчөсүнө чейинки жолду капиталдык оңдоодон
өткөрүүдө. Бул тууралуу басма сөз кызматкери билдирди.
Маалымат боюнча, буга чейин жол шарттарын жакшыртуу максатында
аталган жолго бир нече жолу шагыл төгүлгөн. Учурда бригада канализациялык
кудуктарды көтөрүү жана жер иштерин пландаштырууну жүргүзүүдө, бул жаңы жол катмарын төшөөгө даярдык этабы.
Оңдоо иштери жол инфраструктурасынын сапатын жогорулатууга жана «Көлмө» конушунун жашоочуларынын коопсуздугун камсыздоого багытталган.



