Коом
Аял болгону үчүн күнөөлүүбү? Ысык-Атада эркек кызматкер керек деп аялды кызматтан кетиришкен

Ысык-Ата районунда кызматкерди аял болгону үчүн кызматтан алып жатышканын депутат Акбөкөн Таштанбеков ЖК жыйынында билдирди.
«Мага райондук администрациясынын аппаратынын жетекчиси кайрылды. Ал аким аны иштен кетүүгө мажбурлап жатыптыр, анткени ал аял, а акимге эркек кызматкер керек экен. Иштегенди билбейт, жумушка кеч келет деп айтышсын, бирок аял болгону үчүн кызматтан кетирүүгө болбойт. Бул Конституцияга каршы келет», — деди депутат.



