Коом

7-декабрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 7-декабрда Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −1…-6, күндүз −2 … +3,

Талас облусунда түнкүсүн −2…-7, күндүз −2 … +3,

Баткен облусунда түнкүсүн −1…-6, күндүз + 1… + 6,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн −3…-8, күндүз 0 … +5,

Нарын облусунда түнкүсүн −12…-17, күндүз −2 … −7.

Бишкекте жаан-чачын болбойт, мезгил-мезгили менен туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн −3…-5, күндүз 0…+2 градуска жетет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button