Коом

Кызыл-Кыяда мечитке ташталган ымыркайдын 16 жаштагы апасы табылды

Кызыл-Кыя шаарында мечитке ташталган ымыркайдын апасы табылды.

Баткен облустук милициясынан билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 3-январында Кызыл-Кыя шаарындагы мечиттердин биринен ак шейшепке оролгон ымыркай табылган.

Бул факт Кызыл-Кыя шаардык милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Анын натыйжасында күн мурун, 10-январда Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын 16 жаштагы тургуну ымыркайдын апасы экени аныкталып, кармалды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button