Коом

Коррупцияга шектелген, Токмоктун мурунку мэри Урмат Самаев кызматка барды

Коррупцияга шектелип кармалып, кийин соттон акталган Токмок шаарынын мурунку мэри Урмат Самаев президенттин Жалал-Абаддагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койгон. 

2023-жылы апрелде УКМК «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схема уюштурууга тиешеси бар деп Самаевди кармап, ишканада болгон мыйзамсыз иштерден мамлекетке 130 млн сомдон ашык зыян келтирилгенин билдирген. Самаев ошондой эле 2016-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Ал Токмок шаарынын мэри болуп 2021-жылдын августунда дайындалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button