Коом

Ала-Букада атайын өрт кырсыгын уюштурган төрт жаран кармалды

2025-жылдын 11-январь күнү таңкы саат 05:50 чамасында, Ала-Бука РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө, Ала-Бука айыл аймагында курулуш материалдарын сатуучу соода борбору өрттөнүп жаткандыгын кабарлашкан.

Аталган факты Ала-Бука РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 216-беренеси (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу) менен катталып, кылымш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад ОИИБдин жана Ала-Бука РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш- аракеттеринин негизинде, кылмышка шектүү катары Ала-Бука районунун 1990-ж.т. Н.А., Өзгөн районунун 1993-ж.т. Н.уулу У., 2006-ж.т. А.З. жана Кара-Кулжа районунун 1993-ж.т. А.К. аттуу төрт жаран кармалып, Ала-Бука РИИБдин убактылуу кармоочу жайын киргизилген.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун 1990-жылы туулган Н.А. аттуу тургуну мурда соттолгондугу жана “Мурас” соода борбору 40 000 000 (кырк миллион) сомдук материалдык зыян тарткандыгы аныкталган.

2025-жылдын 29-январь күнү Ала-Бука райондук соту тарабынан эки айга камакка алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button