Коом

27-ноябрда Бишкекте ЖККУнун бир катар кеңештеринин жыйыны болот

Эртең, 27-ноябрда Борбор калаада Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин (ТИМК), Коргоо министрлер кеңешинин (КМК) жана Коопсуздук кеңештеринин катчылар комитетинин биргелешкен жыйыны өтөт.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, биргелешкен жыйын Кыргызстандын төрагалыгы алдында өткөрүлөт.

Жыйындын күн тартибине жамааттык коопсуздук региондорундагы аскердик-саясий кырдаал боюнча пикир алмашуу, сессиялар аралык мезгилде ЖККУнун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын талкуулоо, ошондой эле Жамааттык коопсуздук сессиясына алып чыгылуучу тиешелүү чечимдерди кароо жана жактыруу маселелери кирди.

Тектеш кабарлар

Back to top button