Коом
Бишкектеги № 57 мектептин окуучулары рэкетчиликке каршы социалдык ролик даярдашты — ВИДЕО

Акыркы күндөрү Кыргызстандын мектептеринде тилекке каршы рэкеттен жабырган окуялар, зордук-зомбулуктар, өтө кайгылуу, өкүнүчтүү окуялар катталууда.
Бишкек шаарындагы № 57 мектептин окуучулары зордук-зомбулукка жана рэкетчиликке каршы атайын видео-ролик тартып коомчулукка тартуулашты.
Видеодо рэкеттен жабыркаган балдар тууралуу тартылып, аягында мектептерде рэкетчиликке жол жок, сый-урмат, бирин-бири түшүнүү керектиги менен жыйынтыкташкан
Ар бир мектеп окуучусу эч кандай коркунуч, зордук – зомбулук жок окушу керек жана баарыбыз биригип рэкетчиликти токтото алабыз дешкен.



