Коом
Жаңы Ош базары 3 ай ичинде бүтүп, азыркысы толугу менен көчүрүлөт

Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев базарга жасалган рейд учурунда билдирген.
Калаа башчысы сатуучуларга документтерин азыртан иретке келтирүү керектигин түшүндүрүп, жаңы базардан тиешелүү документтери барларга гана орун берилерин белгилеген.
«Жаңы базарга көчкөндөн кийин бул жакта соода кылганга тыюу салынат. 3 айдын ичинде бүтөт деп атышат. Соода кылгандарга азыртан документтериңерди иретке келтиргиле деп жатабыз. Жаңы Ош базарынан бул жакта патент жана соода кылганга уруксат кагазы барлар гана орун алат«, — деген Жунушалиев.



