Коом

Бишкектеги СТОдон өрт чыгып, 4 унаа күйүп кетти

 Бишкектеги техникалык тейлөө борборунан чыккан өрттө 4 унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Алма-Ата көчөсүндөгү техникалык тейлөө борборунан (СТО) чыккан өрт саат 15:15те чектөөгө алынып, саат 16:03тө толук өчүрүлдү.

Белгилей кетсек, тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы №3 жана №2 өрт-куткаруу бөлүктөрүнөн жалпы 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылды.

Алдын ала маалымат боюнча өрттүн жалпы аянты 150 чарчы метрди түзгөн жана 4 унаа толугу менен күйүп кетти.

Жабыркагандар жок.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button