Коом

Бишкек—Ош жолунда тоодон таш кулап, окуучу кыз каза болду

Бишкек — Ош жолунда таш кулап, унаадагы кыз көз жумду. Бул тууралуу ИИМдин Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 29-март күнү саат 16:40 чамасында болгон. Мерседес-Бенц-Спринтер 515-CDI унаасынын айдоочусу түштүктөн түндүк тарапка багыт алып бара жатып Бишкек-Ош унаа жолунун 92,700- чакырымында тоодон чоң таш кулап унаанын оң жагындагы арткы айнегин сындырып ичине кирип, артында отуруп бара жаткан өспүрүм кызды басып калган.

Кесепетинен 2014-жылы туулган кыз окуя болгон жерде каза болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button