
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы Дүйнөлүк биринчи олимпиадалык квалификациялык мелдешке катышып жатат.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш Италиянын Бусто-Арсицио шаарында өтүп жатат.
Бүгүн, 4-мартта рингге Сейитбек Мунарбек уулу (57 кг) бразилиянын мушкери Луис Оливейра менен беттешет. Ошондой эле Өмүрбек Бекжигит уулу (80 кг) грузиялык мушкер Георгий Гуцаев менен күч сынашат.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 01:00 өтөт.
Буга чейин, тагырагы 3-мартта 51 кг чейинки салмакта катышып жаткан Нуржигит Дүйшөбаев аргентиналык мушкер менен беттешип жеңилүү ызасын тартып калды.
Эске салсак, бокс боюнча Италияда өтүп жаткан Дүйнөлүк биринчи олимпиадалык квалификациялык турнир 3-марттан 12-мартка чейин уланмакчы.



