Коом

Бүгүн Кытай менен чек арадагы өткөрүү пункттары убактылуу жабылат

Бүгүн, 4-апрелде мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттары жабылат. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Белгиленгендей, өткөрүү пункттары Кытай тараптын демилгеси менен «Бардык жандар күнү» майрамына байланыштуу убактылуу жабылат.

5-апрелден тарта Эркечтам жана Торугарт аркылуу адамдардын, унаалардын жана жүктөрдүн өтүүсү жанданат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button