7-апрелге карата аба ырайы

Бүгүн, 7-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаап, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт.
Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 7-апрелде айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Аба ырайы
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;
Таласта түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;
Баткенде түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;
Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −4…-9, күндүз 4…9;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, күндүз ала булут каптайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 11…13°, күндүзгү жогорку температурасы 24…26° жылуу болушу күтүлөт.



