Коом

Эртең Тамчы – Чолпон-Ата унаа жолу бир саатка жабылат

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 20 жана 21-июль күндөрү Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү Консультативдик жолугушуусу өтөт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, аталган иш-чараны өткөрүү учурунда Тамчы айылындагы “Ысык-Көл” аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки каттамдарга убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Унааларга 21-июль күнү саат 9:00дөн 10:00гө чейин толук чектөөлөр киргизилет. Жол делегациянын өтүү маалында гана жабылып, жол боюнда кароосуз калтырылган унаалар эвакуацияланат.

 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button